Жалал-Абадда дайынсыз болгон окуучуну 100дөн ашык адам издөөдө

Жалал-Абад облусунда окуучу дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, 2009-жылы туулган М.Ф. аттуу бала Базар-Коргон районунун Ак-Булак айылындагы үйүнөн чыгып кеткен. Анын дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат куткаруучуларга 1-апрелде түшкөн.

"Издөө иштерин жүргүзүүгө 6 куткаруучу, 5 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 100 адам тартылган", - деп айтылат билдирүүдө.

Кечээ күнкү издөө иштеринен жыйынтык болбогондуктан, издөө иши бүгүн да уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан