ДССУ дагы эле карылар жана кош бойлууларды COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырууда

Иммунизация боюнча ДСУнун Эксперттердин стратегиялык кеңешүүчү тобу (SAGE) COVID-19 вакцинациясы боюнча нускаманы жаңыртты. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сайтында маалымдалат.

SAGE инфекция жана эмдөө аркылуу омикрондун таасирин жана калктын иммунитетинин жогорку деңгээлин чагылдыруу үчүн COVID-19 вакциналарын колдонууга артыкчылык берүү боюнча жол картасын кайра карап чыкты.

Кайра каралган жол картасы коронавируска каршы эмдөөнүн үч артыкчылыктуу тобун аныктайт: жогорку, орто жана төмөн. Бул топтоо катуу оору жана өлүм коркунучуна негизделген.

Жогорку артыкчылыктуу топко төмөнкүлөр кирет:

  • улгайган адамдар;
  • кант диабети жана жүрөк оорулары менен ооруган жаштар;
  • иммундук жетишсиздик менен ооруган адамдар (ВИЧ, трансплантацияланган бейтаптар), анын ичинде алты айдан ашкан балдар;
  • кош бойлуу аял;
  • медицина кызматкерлери.

Бул топтун адамдары үчүн ДССУ акыркы алты же 12 айдан кийин вакцинанын кайталаганган түрүн кайра алууну сунуштайт.

Төмөн артыкчылыктуу топко 6 айлыктан 17 жашка чейинки курактагы дени сак балдар жана өспүрүмдөр киришет. ДССУ эксперттери белгилегендей, вакцина жана кошумча доза балдар үчүн коопсуз болгону менен, өлкөлөрдө эмдөө боюнча чечим «оорунун жүгү жана экономикалык натыйжалуулук» сыяктуу факторлорго негизделиши керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан