Баткенде жер семирткичти Тажикстанга алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Баткен облусунда аммиак селитрасын (карбамид) аткезчилик жол менен экспорттоо боюнча мыйзамсыз иш-аракетке бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, Баткен районунун “Маргун-Жаңы-Бак-Арка” айланып өтүүчү унаа жолунда Тажикстанга жалпы салмагы 3,5 тоннага жакын аммиак селитрасы (карбамид) түрүндөгү жүктү алып өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен Баткен шаарынын тургуну, 1987-жылы туулган Т.Н.И. аттуу жарандын башкаруусундагы Мерседес Бенц Спринтер үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кармалган.

Аталган унаа контрабандалык жүгү менен №2022-Аскердик бөлүгүнүн “Орто-Боз” чек ара заставасынын аймагына коюлду.

Бул факты документтештирилип, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан