Чүй облусунун Токмок шаарында 31 гектардан ашуун жер мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Текшерүүдө Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 31,6 гектар өнөр жайы багытындагы жер тилкелерине карата укук тастыктоочу жана укук күбөлөндүрүлгөн документтери алынбай, муниципалдык менчиккке өткөрүлбөй калгандыгы аныкталган.
Натыйжада, жол берилген мыйзам бузууларга карата прокурордук акты келтирилип, кароонун жыйынтыгында 309 миллион 92 миӊ 760 сомго бааланган, жалпы аянты 31,6 гектар өнөр жайынын, транспорттун байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер Токмок шаарынын муниципалдык менчигине кайтарылды.