Кытайдын Сиань шаарында 22 жаштагы жигитке мындан 3 жыл мурда каза болгон атасынын телефон номурунан билдирүү келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, экзаменден өтпөй калып, кыйналып жатканын айтып, маркум атасынын телефон номуруна SMS жазган. Бир нече убакыттан кийин ага күтүүсүздөн аталган номурдан жооп келген.
"Аспирантурага кирүү экзаменинен өтпөй калдым. Мындай жыйынтыкты күткөн эмесмин. Ата, мен сизди абдан сагындым. Сураныч, менин түшүмө кириңизчи, мен сизди көргүм келет", - деп жазган жигит атасынын номуруна.
"Кабатыр болбо! Сен ийгиликсиздиктен чыгып, акыры эң мыкты адам болосуң. Көңүлүңдү көтөрүп, алдыга кадам ташта. Мен баламдын эң сонун экенине ишенем. Балам, атаң дагы сени сагынды", - деген жооп келген жигитке.
Кийинчерээк жигитке жоопту Гоа аттуу адам жазганы белгилүү болду. Ал алгач билдирүү туура эмес келген деп ойлогон. Бирок, ал баарын түшүнүп, жөн гана жигитке колдоо көрсөтүүнү туура көргөн.
Андан кийин жигит ага ыраазычылыгын билдирип, жооп жазган.
"Атамдан келген билдирүүнү көрүп, ыйлап жибердим. Рахмат", - деген атасын жоготкон жигит.