Эрдоган анын эшиги АКШнын элчиси үчүн жабык экенин айтты

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган АКШнын Анкарадагы элчиси менен жолугушуудан баш тартты. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Түркиянын президенттигине оппозициялык партиядан талапкер Кемал Кылычдароглу АКШнын дипломатиялык миссиясынын башчысы Жеффри Флейк менен жолугушкан. Эрдоган бул жолугушууну кескин сынга алды.

"Жо Байдендин элчиси Кемалга келип жатат. Уят, башың менен ойлон. Сен элчисиң. Бул жердеги маектешиңер президент. Андан кийин кайсы бетиң менен президент менен жолугушууну сурайсың? Биздин эшик ал үчүн жабык, ал мындан ары кире албайт. Эмнеге? Ордун билсин", - деген Эрдоган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан