Караколдо транспорт каражаттарын мыйзамсыз каттаган “Унаа” мекемесинин кызматкерлери жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Каракол бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери бажы кызматынын уруксаты жок транспорттук каражаттарын мыйзамсыз кайра каттаган фактылар аныкталган.
"Аталган фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, жыйынтыгында Дж.Д.Т., М.М.Б. жана А.М.Т. аттуу үч кызматкерге карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана кызматтык жасалмачылыктар боюнча айыптары угузулду. Тергөөнүн жүрүшүндө мамлекетке келтирилген зыян толугу менен өндүрүлүп, иш негизинен кароо үчүн сотко жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.