Бишкекте эркек киши бейтааныш аялдын мурдун сындыра чапты (видео)

Бишкектеги ашканалардын биринде белгисиз эркек бейтааныш аялдын мурдун сындыра чапкан. Окуянын видеосу кечээ, 2-апрелде инстаграмдагы Black_list.kg баракчасына жарыяланды.

Анда окуя видео жарыялангандан күн мурун болгону айтылат. Ал адам чайдын баасы кымбат экендигин айтып, ызы-чуу салган. Ал арада кардар аял арачага түшүп, кассирге болушканда, аны тиги эркек бет талаштыра чаап жиберген.

Окуя андан ары кандай өңүттө улангандыгы жана жабырлануучунун учурдагы абалы боюнча маалымат жок.

Видео: Black_list.kg
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан