"Эки унаа тең толугу менен күйүп..". Баткенде үрөй учурган жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду

Баткенде жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду. Окуя күн мурун, 2-апрелде болжол менен саат 15:30да Ош – Раззаков унаа жолунун 149-чакырымында орун алган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалымдалгандай, анда Тойота Форранер жана Опель Вектра унаалары сүзүшүп, эки унаа тең күйүп кеткен.

"Жол танбадас каршы тилкеге чыгып, жеңил унаа менен сүзүшкөн", - деп айтылат билдирүүдө.

Жол кырсыгынын кесепетинен Опель Вектра унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү жеринде каза болгон. Жол тандабастын айдоочусу жана жүргүнчүсү ооруканага жаткырылган.

Баткенде жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuban-1207
2023-04-03 20:03:00
Акырын айдаса болмок да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан