"Кадастрдын" кызматкери коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Башкы прокуратурадан кабарлады.
Маалыматка ылайык, "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Аламүдүн району боюнча филиалынын башчысы, жер мунапысы боюнча комиссиянын мүчөсү А.М.А. Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен шектүү катары кармалды.
"Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн жер мунапысы боюнча комиссиясы тарабынан Лебединовка айыл өкмөтүнүн аймагындагы 66,8 гектар мамлекетке тиешелүү айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлерди жер мунапысына киргизип, калктуу конуштар категориясына билип туруп мыйзамсыз которушкан факты боюнча кылмыш иши козголгон", - деп айтылат маалыматта.
Учурда аталган кылмыш ишке тиешеси бар мындан башка да кызмат адамдарды аныктоо чаралары көрүлүп жатканы кошумчаланды.
Эске салсак, аталган кылмыш иштин алкагында 30-мартта Аламүдүн районунун акиминин орун басары, аталган комиссиянын төрагасы А.Б.Н. кармалган эле.