Ленин округунан депутаттыкка талапкерлердин саны үчкө жетти

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган талапкерлердин саны үчкө жетти. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, БШКга арыз менен үч талапкер кайрылган.

Алар: Марат Арзыкулов, Эркин Булекбаев жана Максат Кунакунов.

Маалымдалгандай, депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт.

Эскерте кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо ушул жылдын 28-майына белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан