Бишкекте пара алууга шектелип Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирет.
Маалымдалгандай, ИИМдин ички тергөө кызматынын кызматкерлери УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте 20 миң сом акча каражатын опузалап пара талап кылган деп шектелген жаранды кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын өткөрүштү.
Анын жыйынтыгында Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматынын А.Ж. аттуу тергөөчүсү кармалды.
Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иш- чаралар жүргүзүлүп жатат.