Эл аралык издөөгө алынган казакстандык генерал Кыргызстан аркылуу качып чыкканы айтылды

Казакстандын Жетысу облустук сотунда Алматы облусунун ички иштер башкармалыгынын экс-жетекчиси Серик Кудебаевдин чет өлкөгө качып кетиши боюнча айрым маалыматтар айтылды. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Кудебаев өкүм жарыяланганга чейин акыркы сөз сүйлөөгө тийиш болгон сот отурумуна ал ооруп жатканына байланыштуу келген эмес. Адвокаттар анын ооруканага жаткырылганы тууралуу маалымкат беришкен. Натыйжада угуулар кийинкиге жылдырылды. Бул учурда Кудебаев үй камагында болчу.

Сот ошондой эле Кудебаевдин качып кетиши боюнча айрым жагдайларды айтып берди. Судьянын айтымында, Кудебаев 23-мартта Казакстандын мамлекеттик чек арасынан өтүп, ошол эле күнү Бишкектеги "Манас" аэропортунан Стамбулга учуп кеткен.

Былтыр апрель айынын соңунда Серик Кудебаев өз арызы менен Алматы облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы кызматынан бошотулган. Ошол эле жылдын май айында январь окуясы боюнча кылмышка шектүү деп табылган. Үстүбүздөгү жылдын январь айынын башында Кудебаевдин үстүнөн кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан