Кавер аткаруучу жубайлар Тынысхан менен Элен тун наристесин күтүп жатышат. Бул жакшылыгы менен жылдыздуу жубайлар Instagram баракчасы аркылуу бөлүштү.
"Сүйүнүчүм чоң! Биринчи укканда көзүмдөн жаш тегеренди. Себеби Элюшкам экөөбүз сыноолордон өттүк, ыйладык, бири-бирибизди соороттук, жеңдик", - дейт ырчы мырза.
Эске салсак, Тынысхын менен Элен 2020-жылы 12-ноябрда үйлөнгөн. Жылдыздуу түгөйлөр кыргыз эстрадасындагы көптөгөн белгилүү ырчылардын чыгармаларын кавер аткарышкан. Алар; "Кимге таштап баратасың?", "Сүйүүнүн керемети", "Махабатым", "Ошондо жакшы болобу?", "Сенсиз жаным", "Эзилип бүтүү" жана башка чыгармалар.