Бишкекте кеңсеге уурулукка кирип, 600 миң сом жана бут кийим уурдагандар кармалды

Бишкектин Токтогул көчөсүндөгү кеңселердин бирине ууру кирип, 600 миң сом жана Adidas фирмасына таандык эки бут кийимди уурдап кетти. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой шектүүлөр 14 жана 22 жашта. Алар кармалып, учурда сурак беришүүдө.

"Тасмада уурулар кеңсеге терезе аркылуу кирген. Акчаны сейфтен алышкан. Шектүүлөрдүн бири убактылуу кармоочу жайга киргизилсе, 14 жаштагы өспүрүм сыртка чыкпоо тил каты менен үйүнө коё берилген. Алар ушуга окшош дагы 10 кылмышка шектелип жатат", - деп жазылат маалыматта.

Бишкекте кеңсеге уурулукка киргендер кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан