Таласта турак үй толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Талас шаарынын Оторбаев көчөсүндө жайгашкан 20 чарчы метр турак үйдүн чатыры жана кампасы толугу менен күйүп кеткен.
Учурда өрттүн себеби такталууда.