Өзбекстанда 27 жаштагы келин үч баласы менен 9-кабаттан секирип кетти

Өзбекстанда 27 жаштагы келин 9-кабаттын терезесинен эки баласын ыргытып, үчүнчүсүн колуна алып секирип кеткен. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын маалыматына ылайык, окуя кечээ, 3-апрелде саат 19:20лар чамасында Сергели районунда болгон. Мекеменин маалыматына караганда, 1996-жылы туулган келин 2018-жылы жана 2019-жылы туулган эки уулун жана 2022-жылы туулган кызын уктоочу бөлмөнүн терезесине алып келип, уулдарын биринин артынан бирин терезеден ыргытып, андан соң кызын колго алып терезеден секирип, өз жанын кыйган. Окуянын кесепетинен алардын баары каза болгон.

Учурда келиндин мындай кадамга баруусунун себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан