Белгилүү америкалык актёрлор Эштон Кутчер менен Мила Кунис балдарын мурассыз калтырышты

Белгилүү америкалык актёрлор Эштон Кутчер менен Мила Кунис болгон байлыгын кайрымдуулукка жумшап, балдарын мурассыз калтырышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 45 жаштагы актёр менен 39 жаштагы актриса 275 миллион долларга жакын байлыгын кайрымдуулукка жумшоо чечимин кабыл алышкан. Бул чечими менен алар балдарын даяр нерсеге эмес, маңдай тери менен эмгек кылууга үгүттөп жатканын билдиришкен. Ал эми балдарынын бизнес планы болсо, ага инвестиция кылууга даяр.

Эске салсак, Эштон Кутчер менен Мила Кунис 2015-жылы баш кошушкан. Ортолорунда Уайетт Изабел Кутчер аттуу кызы жана Димитрий Портвуд Кутчер аттуу уулу бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан