Кыл кыякчы Залина Касымова май айында Бишкекте концерт берет. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Маалыматка ылайык, концерт Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 2-май күнү болот.
Концерт Кыргызстандын эстрада-симфониялык оркестри жана Коргоо министрлигинин аскердик оркестринин коштоосунда жандуу өтөт.