Бишкекте каракчылыкка шектелип 3 жаран кармалды

Бишкекте каракчылыкка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Ыкчам кызматкерлер тарабынан каракчылыкка шектүүлөр кармалды.

Маалымдалгандай, ушул жылдын 29-мартында Д.Б. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 01:20 чамасында Чыгыш-5 кичи районунда белгисиз жарандар коркутуп-үркүтүп, RedmiNote8, Honor8X маркасындагы эки уюлдук телефонун жана 25 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын тартып алганын билдирген.

Бул факты каттоого алынып, "каракчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогоруда аталган кылмышка шектелип 1999-жылы туулган Ж.М.,1993-жылы туулган А.Н., 2000-жылы туулган М.А. аттуу жарандар колго түшүрүлгөн.

Тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан