Ырчы Нурлан Насип темир тулпарлуу болду. Бул тууралуу толук маалымат алуу үчүн ырчы мырзага байланышка чыктык.
"BMW X7 үлгүсүндөгү унаа алдым. Баасы сыр бойдон калсын. Жаңы унаамдын дөңгөлөгүнө апам сары май сүйкөп, батасын берди. Негизи эле башка жактарда мындай ырымдарды колдонушабы билбейм, бирок апам унаа алмаштырган сайын ушундай кылат", - дейт ал.
Ырчы мырзанын айтымында, BMW X7 үлгүсүндөгү жаңы унаасы анын канчанчы тулпары экенин так билбейт.