Бишкектин борборундагы, адамдар көп өтүүчү эки жерге жер астынан өтүүчү өтмөктөр курулат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.
Мэрдин айтымында, жер алдынан өтүүчү өтмөктөр Бишкектеги Бейшеналиева-Киев жана Чүй проспектиси-Шопоков көчөлөрүнүн кесилишине курулат.
"Бейшеналиева-Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер астынан өтүүчү өтмөктүн курулушун баштай берсек болот. Кура турган дагы жеке инвестор бар, аны жасайбыз. Ал эми Чүй-Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде инженердик коммуникация аябай көп болуп жатат. Чоң-чоң канализациялар өтөт экен. Ошонун баарын сыртка чыгарып, башка жактан алып өтүш керек. Анан жанында кафе жана башка нерселер коюлуп калыптыр, анын баарын бузуш керек. Бул жер даяр болсо аны дагы курабыз.
Негизи бардык нерсе ойдо. Мен дагы шаардыкмын, мен дагы жакшы болсо, оңолсо деп эле ойлоп жатам. Бирок буга убактыбыз дагы кээде каржы жагыбыз дагы жетпей калып жатат. Бирок баарын жасайбыз, биз жасабасак ким жасайт?" - деди Бишкек мэри.