Жалал-Абадда унаа айдап качкан жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде облустук милициядан кабарлады.
Маалыматка ылайык, Базар-Коргон РИИБине 19 жаштагы жаран арыз менен кайрылып, 31-март күнү болжол менен саат 19:30 чамасында аталган райондун Суу-Башы айылында ДЭУ Матиз үлгүсүндөгү унаасында жүргүнчү катары бара жаткан жаран коркутуп, бети-башына уруп, автоунаасын айдап кетип калгандыгын билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) менен кылмыш иши козголгон.
"Кылмыш ишинин бети изи сууй электе ачылды. Окуяга шектүү катары Ноокен районунун Момбеков айыл аймагынын тургуну 2001-жылы туулаган М.А. ошол эле күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатканы кошумчаланды.