Таластын тургунуна жер семирткич алып берем деп бир миллион сомго алдап кеткен жаран Бишкектен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну Д.Т. арыз менен жергиликтүү милиция бөлүмүнө кайрылган.
"2021-жылдын ноябрь айында Жалал-Абад облусунун тургуну жаран шектүү менен телефон аркылуу таанышып, ага алданып калганын жана “Карбамид” жер семирткичин алып берем деп, бир миллион сом акча котортуп алып, бербей качып жүрөт деп кайрылган. Арыз Манас РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Шектүү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну Бишкек шаарында изин жашырып жүргөн жеринен кармалган. Азыркы учурда шектүү Кара-Буура РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген", - деп жазылат маалыматта.