Алтынбек Максутов менен Жан Воинов заманбап маданиятты өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюшту

Бишкекте заманбап бий боюнча Парижде өтө турган дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн тандоо туру өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Маданият министри Алтынбек Максутов менен "Street Dance" комитетинин директору Жан Воинов 18-июнда Ала-Тоо аянтында заманбап бий боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн тандоо турун өткөрүү боюнча меморандумга кол коюшту. Тандоо туруна Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын бийчилери катышат. Өзүн көрсөткөн бийчилер жайында Парижде өтө турган дүйнөлүк чемпионатка Кыргызстандын атынан катышат. Калыстар тобунда Франция, Германия жана Түштүк Кореядан келген дүйнөлүк деңгээлдеги бийчилер отурат.

Эскерте кетсек, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен заманбап бий боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн тандоо турун өткөрүү укугу Кыргызстанга гана берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан