Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов жоюла турган 5-каналдын кызматкерлерин жумуш менен камсыз кылууну суранды. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
"5-каналды өкмөт тараптан жабабыз деп жатыптыр. Ал жерде 30 жылдан ашык иштеген чоң коллективди жок кылып жибербейли. Парламентти жалпы региондо көрө турганга жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берсек болот эле. 5-канал боюнча дагы бир жолу карап берсеңиздер, ушул боюнча протоколдук тапшырма берет элем", - деди Икрамов.
Эске салсак, 4-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу 5-канал жана Пирамида телеканалдары банкротко учурагандыгына байланыштуу жоюла турганын билдирген.