Бишкекте эркек киши өз жанын кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 5-апрель күнү саат 07:30 чамасында Бишкектин Түгөлбай Ата көчөсүндө жайгашкан үйүндө өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган.
Ал 1997-жылы туулган жаран. Жерине ӨКМнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматынын өздүк курамы тартылып, куткаруучулар жаран менен сүйлөшүү жүргүзгөн соң бекилген эшикти ачышкан. Ошол эле учурда ага медициналык жардам көрсөтүлүп, тийиштүү кызматка өткөрүп берилген.