Шайлообек Атазов: "Өлкөнүн бардык аймактарында жер маселеси курчуп кетиптир"

Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов жерлерди инвентеризациялоо маселеси өлкөнүн бардык аймактарында курч болуп турганына токтолду.

"Кыргызстандын бардык аймактарында жер маселеси курчуп кетиптир. Биз барган Оштун Өзгүр деген айылында 6 жылдан бери бир шылуун гектарлаган жерлерди алып, жеке менчик үйлөргө сатып жатыптыр. Ал жерде миңдеген адамдар митингге чыгышты. Мындан улам өлкөдөгү жерлерди инвентеризациялоо боюнча тиешелүү өкүлдөр келип маалымат берип койсо" деди эл өкүлү.

Мындан тышкары депутат окуучулардын арасында жайылып жаткан электрондук чылым маселесине токтолуп, жооптуу кызмат адамдарынан чечүү жолдору тууралуу маалымат угууну сунуш кылды.

"Кыргыздын келечек муундарынын тарбиясын, идеологиясын дайыма айтып келебиз, бирок көңүл бурулбай келет. Биздин мектеп окуучуларын электрондук чылым менен "Дуру, Муру" менен жок кылганы калды. Буга байланыштуу Билим берүү министрлиги, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү келип кандай иш-чараларды жүргүзүп жатканы боюнча айтышпайбы. Качан интернетке чыкканын гана карабастан" деп билдирди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан