Атактуу футболчу Криштиану Роналдунун аялы Жоржина Родригес менен "Gucci" компаниясында чогуу иштеген Пабло Бонет футболчу менен кесиптеши кантип таанышканы тууралуу айтып берди. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Буга чейин Жоржина Родригес Роналду менен Мадриддеги Gucci дүкөнүндө иштеп жүргөндө таанышканын айткан. Португалиялык жылдыз ал убакта "Реал Мадридде" ойноп жүргөн.
Бирок Жоржина Родригес менен Gucci дүкөнүндө чогуу иштеген Пабло Бонет жубайлардын биринчи жолугушуусу тууралуу окуя чындыкка дал келбей тургандыгын билдирген.
"Мен Жоржина Родригес менен Gucci дүкөнүндө ал атактуу болгонго эки ай калганда иштегем. Биз жумушта ал аялдар бөлүмүндө, мен болсо эркектер бөлүмүндө иштечүмүн", - деген ал.
Боне кошумчалагандай, Криштиану Роналду дүкөнгө келгенде аны дүкөндүн жетекчиси гана тейлеген.
"Мен Криштиануну биздин дүкөндөн бир нече жолу көргөм. Ал келгенде биздин дүкөндө ар дайым тызылдачубуз. Жоржина Роналду эшикте турганда жөн эле жолугуп калганын айтты. Бирок мындай болгон эмес. Роналду дүкөнгө келгенде аны жетекчилер гана тейлечү. Ал эми Родригес менен ал Мадрид шаарында өткөн бир кечеде таанышкан", - деген ал.
Мындан тышкары, ал Жоржина Родригес дайыма акча көп болгон коомго умтулганын айтты.
"Ал дайыма акчасы жок болсо дагы боюн көтөрө берчү. Ал өтө арзан батирде жашачу, бирок ага карабай акчасы көп коомго умтулчу. Ал акчаны аябай жакшы көрчү. Ал ар дайым алдыга умтулууну, өсүүнү каалачу. Ага жылдыз болуу мүмкүнчүлүгү Роналду менен таанышкандан кийин келди", - деген Боне.
Криштиану Роналду менен Жоржина Родригес учурда Сауд Арабиянын борбору Эр-Рияд шаарында жашашат. Португалиялык футболчу "Аль-Насрга" өткөндөн кийин жылдыздуу түгөйлөр Жакынкы Чыгышка көчүп кетишкен.