Токтогулда тургундун мал сарайынан 25 килограмм марихуана табылды

Токтогул районунун 41 жаштагы Б.З. тургунунун сарайынан 25 килограмм марихуана табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сарайда жерге кургатылган кара куурайдын өзгөчө жыты бар, күрөң-жашыл түстөгү чөп табылган. Алынган заттар эки полиэтилен баштыкка салынган, алардын жалпы салмагы контролдук таразада 25 килограмм марихуаннаны түзгөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси "Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо" менен кылмыш иши козголду.

Азыркы учурда ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери Токтогул РИИБнин кызматкерлери менен биргеликте баңги кылмышынын мүмкүн болуучу катышуучуларын аныктоо боюнча мындан аркы ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан