Дыйкандарга берилүүчү насыялар өз убагында жетпей жатат. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев билдирди.
"Бир айдан кийин жазгы талаа жумуштары соңуна чыгат. Мамлекет тарабынан дыйкандарды колдоого берилүүчү "Айыл чарбасын колдоо -11", агрокредит жана 1 миллион сомдон пайызы жок берилүүчү насыялар өз убагында жетпей жатат. Дыйкандар менен фермерлер акча алышпаганын айтып, аны алуу өтө татаал болуп жатканына арызданып жатышат", - деди Токтошев.
Эл өкүлү насыя берген банктардын өкүлдөрүн чакыртып, эмнеге кечиктирип жатканы боюнча отчёт алууну сунуштады. Ошондой эле дыйкандар насыяны алдыдагы бир ай ичинде алып жетишпесе андан кийин алуунун кажети жок каларын кошумчалады.