13 жашында колдон колго өтүп зордукталган секелектин иши: Жогорку сот өкүм чыгарды

Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Сот 13 жашында колдон колго өтүп кордолгон секелектин ишин кароону улантты.

Анда Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек балдар менен иштөөчү инспектору болуп иштеген 39 жаштагы айыпталуучунун жазасын 6 жылдан 7,5 жылга өзгөрткөн чечим чыгарды.

Ал эми Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө участкалык милиция кызматкери болуп иштеп жүргөн 34 жаштагы айыпталуучу менен үчүнчү айыпталуучу "Дордой" базарынын күзөтчүсү боюнча Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Эске салсак, былтыр 30-августта Свердлов райондук соту 13 жашар кыздын иши боюнча базардын кароолчусун 10 жылга, ал эми эки милиционерди 15 жылга эркинен ажыраткан.

Кийинчерээк, үстүбүздөгү жылы 13-январда Бишкек шаардык соту эки милиция кызматкеринин жаза мөөнөтүн кыскартып, бирөөнү 6 жылга, ал эми экинчисин 9 жылга кескен. Үчүнчү айыпталуучу - базардын кароолчусуна карата мурдагы өкүм күчүндө калтырылган.

Ал эми зордуктоого шектелген төртүнчү жаран, "Ош" базары жактагы кафеде официант болуп иштеген баланын иши Биринчи Май райондук сотунда каралып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Төртүнчү айыпталуучуга карата чыккан өкүмдү шаардык жана Жогорку Сот күчүндө калтырган.

13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча сот былтыр 8-июлда башталган. Ага чейин отурумдар ар кандай жүйө менен бир нече ирет жылдырылып келген. SUPER.KG порталына 13 жашар секелектин ата-энеси кызын 2 милиция кызматкери жана 2 жөнөкөй жаран жарым жылдай зордуктап жүрүшкөнүн айтып беришкен. Алардын айтуусунда, мындай көрүнүш 2021-жылдын август айынан 2022-жылдын февраль айына чейин уланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан