Режиссёр жана актриса Ырыс Жоомартова мындан 1 жарым жыл мурун Октябрь кинотеатрына директор болуп дайындалган. Режиссёр айым кинотеатрды оңдоп-түзөө иштерине насыя алып, жаркыратып оңдоп койгондон кийин имаратты маданият министри Алтынбек Максутов Чүй драма театрына берилерин айтканын Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
"Мен 1 жыл төрт ай мурун Октябрь кинотеатрына директор болуп дайындалгам. Келгенимде кинотеатрдын үстүнөн суу куюлуп, чатырынын эскилиги жетип, оңдоп-түзөө иштери жок, жылуулук системасы чирип калган, кино койгонго жабдуулар жок болчу.
Кинематография департаментинин мурунку жетекчиси Мукталы Бектеналиев "Ырыс, кинотеатр көптөн бери иштебей, эл келбей, оңдоп-түзөөдөн өтпөй, ижарачылар алмашып, эч ким алгысы жок. Сен оңдо, иштет, киного салымыңды кош. Иштетип кетсең 3-5 жылга ижарага алсаң болот" дегенинен мен ойлонуп макулдугумду бергем. Чоң суммадагы насыя алып, оңдоп баштадым, ошондо да жаппастан бир кичинекей залга 1-2 кишиге кино коюп, өсүп келе жаткан режиссёрлорубузду колдоп, кинолорун токтотпостон көрсөтүп, аны менен катар оңдоп-түзөө иштерин да жасап жаттык.
Балээнин баары жаркыратып жасап койгондон кийин башталды. Азыркы Маданият министри Алтынбек Максутов “Арендага берилбейт, Акылбек Жапаров кинотеатрды Чүй драма театрына берсин деп жатат, мен ”распоряжение” даярдап жатам деди.
Бирок кыргыз кинематографиясын колдоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 15-беренесине ылайык, кинотеатр кинотеатр гана болуп иштээрин, жеке жана юридикалык жактарга берилбесин билет болду бекен? Министр Алтынбек Максутов өзүнүн чөнтөгүнөн акча чыгарып, элдин мүлкүн оңдоп көрдү бекен?", - деди ал.
Актриса айымдын айтымында, кинотеатрдын бир айлык чыгашасы жылуулук, жарык, интернет, сигнализация жана башкаларды эсепке алганда 150 миң сомдун тегереги чыгат.
Октябрь кинотеатрынын бир айлык чыгымы 150 миң сомду чапчыйт. Кинотеатрды кайра драма театрга айлантыш үчүн миллиарддаган акчалар керек. Бийликтегилерге, өзгөчө президентибиз Садыр Нуркожоевичке кайрылып, Октябрь кинотеатрын кинотеатр боюнча калтырып, жаш режиссёрлорубуздун тарткан кинолорун көрсөтүп, кинотеатрды мындан ары да оңдоп-түздөө иштерине жол ачып берүүңүздөрдү суранабыз.
Бир жылдын ичинде бүтпөй калган иштерин бүтүрүп, толук кандуу ишке киргизүүгө сөз берем, кетирген каражатымды кайтарып алуу үчүн эмес, тескерисинче улуу жана жаш режиссёрлорду колдоо үчүн. Маданият Министри Максутов Алтынбек сиз дагы колдоп берсеңиз жакшы болмок, жалгыз аялдын жаркыратып жасаган ишин талкалаш өзгөчө Орозо маалында кечирилгис күнөө деп эсептейм", - дейт ал.
Ал эми аталган маселе боюнча Маданият министрлигине байланышканыбызда маалымат берилерин билдиришти.