“We'll be” бий тобу 20-декабрда жеке концертин берет

Таланттуу бийчилерден куралган “We'll be” бий тобу 20-декабрда жеке концертин берет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына топтун мүчөсү Замир Торгоев билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 20-декабрына белгиленип жаткан концерт Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өтөт. “Бий сүйүүчүлөрүнө  мыкты концерт тартуулайлы деген оюбуз бар. Концертке ырчылар да катышат. Бирок бийге көбүрөөк басым жасалат”,- дейт ал.

Эске салсак, “We'll be” бий тобу бий тармагындагы ишмердүүлүгүн тартуулап келгенине 5 жылга жакындап калды. Топ 2012-2013-жылдары катары менен “Мен бийчи” эл аралык феситивалында жеңүүчү аталган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан