Дүйнөлүк уюм Европада кооптуу вирусту алып жүргөн чиркейлер көбөйгөнүн эскертти

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Европада коркунучтуу вирустарды алып жүрүүчү чиркейлердин жаңы түрү пайда болоорун эскертти. Мындай маалымат уюмдун расмий сайтына жарыяланды.

Анда айтылгандай, кооптуу вирустук ооруларды алып жүрүүчүү болгон Aedes чиркейлери Түштүк Европада барган сайын кеңири тарап жатат. Алардын көбөйүүсүнө Европа өлкөлөрүндө жаз жана жай айларында катталган жогорку температура түрткү болууда.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Испания, Франция, Италия, Греция жана Хорватиянын калкы коркунучта экенин эскертти.

Уюмдун адистери Aedes чиркейлери түндө эмес, күндүз адамдарды чага турганын белгилешти.

Ошондой эле адистер бул чиркейлер алып жүргөн вирустарга каршы азырынча вакцина жок экенин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан