Оштун тургуну Баткенде телефон уурдап кармалды

Оштун мурда бир нече жолу соттолгон тургуну Баткенден телефон уурдап кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарынын 62 жаштагы тургуну шаардык оорукананын кийим которуучу бөлмөсүндө турган сумкасынан XIAOMI REDMI NOTE 11 PRO үлгүсүндөгү телефонун белгисиз жарандар ушул жылдын 5-январынан 6-январына караган түнү уурдап кеткендигин билдирип, милицияга арыз менен кайрылган.

Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Шектүү катары мурда уурулук, тоноочулук, каракчылык беренелери менен бир нече жолу соттолгон Ош шаарынын тургундары 26 жаштагы И.М. жана шериги 25 жаштагы И.С. аныкталып Ош шаарынан кармалып, тергөө кызматына камсыздалып берилди.

Уурдалган телефон өз ээсине кайтарылды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан