“Түндүкэлектр” ишканасынын мурдагы башкы директору кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалымдалгандай, “Түндүкэлектр” ишканасынын кызмат адамдары 107 даана күч трансформаторун сатып алууда билип туруп мамлекет үчүн пайдасыз келишим түзүп, мамлекетке 3 миллион 949 миң 500 сом зыян келтирилген.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында “Түндүкэлектр” ААКсынын мурдагы башкы директору К.А. кармалды. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 339-беренесинин (“Билип туруп пайдасыз контракт түзүү”) негизинде айыпталууда.
Аталган жаран жогоруда белгиленген беренелердин негизинде айыпкер катарында жоопко тартылып, анын бөгөт коюу чарасын тандоо үчүн Биринчи май райондук сотуна тийиштүү өтүнүчтөр келтирилип, учурда кароо стадиясында турат.
Бүгүнкү күндө аталган кылмыш ишине тиешеси бар мындан башка да кызмат адамдарын аныктоо жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чаралар көрүлүүдө.
Айрым ЖМКлар кармалган жаран “Түндүкэлектр” ишканасынын мурдагы жетекчиси Азамат Кожомкулов экенин жазышууда.