"7 миллион элге эмес, 700дөй чиновникке иштейт". Мадумаров мунапыс берүү жөнүндө мыйзам долбоорун сынга алды

Бүгүн, 6-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Демилгечи - Экономика жана коммерция министрилиги.

Депутат Адахан Мадумаров аталган мыйзам долбоору кабыл алынса коррупциялык схеманы легалдаштырууга жол ачыларын айтты.

"Кытайда мыйзамсыз мүлктү менчиктештирип алгандарды өмүр бою сот жообуна тартат же атууга кетирет. А бизде уурдады дегендерге ар эки жылда мунапыс берип турабыз. "Мыйзамды жоопкерчиликтен качуу үчүн өзгөртөт" деген сөз бар. Силер бул мыйзам менен элдин эсебинен байыгандарга мунапыс жарыялаганга алып баратасыңар", - деди Мадумаров.

Ошондой эле ал элдин чөнтөгүнө, мамлекеттин казынасына кол салгандар 10-15 жыл өтсө дагы эртедир-кечтир жоопкерчиликке тартылышы керектигин белгиледи.

Ага экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев мыйзамда мүлккө гана мунапыс берүү каралгандыгын жана мүлк ээси кандайдыр бир кылмышка шектелсе, ага жооп берерин билдирди.

"Сиз кечиресиз, декларациясын көрсөтөт. Аны көрсөткөндө мындай байлык кайдан пайда болду деген суроо пайда болот. Анда алган айлыгы 60 миң сом, ээлеген байлыгы 60 миллион доллар болот. Анан ушундай суроолор туулат. Декларация ошон үчүн анализ кылууга тапшырылат. Бул мыйзамдын 7 миллион карапайым калкка тиешеси жок. Бул 700дөй чиновникке же 70тей аткаминерге тиешелүү мыйзам", - деди Мадумаров.

Андан соң депутат Өмүрбек Бакиров да мыйзам долбоорун сынга алып, уруулардын байлыгын легалдаштырууга багытталган деп сыпаттады.

"Сиздер жарандар байлыгын легалдаштырса, ошондон салык чогултабыз деп жатасыздар. Бирок маселенин экинчи тарабы бар да. Биз ушинтип уурулардын, мамлекетти талап-тоногондордун байлыгын легалдаштырып бере берсек кандай болот? Андан көрө ошолордун уурдаган байлыгын мыйзамдуу түрдө мамлекетке албайсыңарбы. Бул мыйзам кооптуу. Уурулардын байлыгын легалдаштырып бере берсек, анда уурулук токтобойт", - деди Бакиров.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, 63 депутаттын макулдугу менен колдоо тапты. Ал эми 4 депутат каршы добуш берди.

Мындан тышкары, “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу декларациялоо жана мунапыс берүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору да экинчи окууда кабыл алынды.

Адахан Мадумаров мунапыс берүү жөнүндө мыйзам долбоорун сынга алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан