Ошто кичинекей кыздарга ыплас аракеттерди жасоого шектүү жаран кармалды

Оштун Кара-Суу шаарында 5-6 жаштагы кыздарга ыплас аракеттерди жасады делген жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

Маалымдалгандай, 3-апрелде Кара-Суу райондук милициясына кабар келип түшкөн. Анда Кара-Суу шаарынын 6 жаштагы А.А. аттуу тургунун үйүнүн алдында белгисиз адам колунан кармап автоунаасына алып келгендиги айтылат.

Аталган факты каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Анын жүрүшүндө ушул эле жылдын 29-март күнү Кара-Суу шаарында 44 жаштагы жаран беш жана алты жаштагы кыздарга өз унаасында ыплас аракеттерди жасагандыгы аныкталган.

Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренесинин негизинде (“Ыплас аракеттер”) кылмыш иши козголгон. Ал эми 4-апрелде шектүү катары 44 жаштагы Ш.Б. аттуу жаран кармалган.

Ал райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан