Алматынын адистештирилген райондук тергөө соту Дикий Арман каймана аты менен таанымал кримтөбөл Арман Жумагелдиевди камакта кармоо мөөнөтүн 2 айга узартты. Бул тууралуу казак маалымат каражаттары жазып чыгышты.
"Соттун чечими менен сотко чейинки тергөө органынын өтүнүчү канааттандырылып, Жумагелдиевге карата козголгон кылмыш ишинин материалдары менен таанышуу мезгилинде камакта кармоо мөөнөтүн 2 айга тактап айтканда, 2023-жылдын 7-июнуна чейин узартылды", - делет соттун билдирүүсүндө.
Эске салсак, Арман Жумагелдиев кыргызстандык белгилүү модель, актриса Айкөл Аликжанованын жолдошу. Ал 2022-жылы 2-январдагы Алматыдагы баш аламандыктарга шектелип кармалган. Ага мыйзамсыз курал-жарак сактоо, массалык баш аламандык уюштуруу жана кылмыштуу топ түзүп ана жетектөө беренелери боюнча айып тагылган.