Таш-Көмүр шаарында 3 килограмм “гашиш” баңгизатын сатууга аракеттенген жергиликтүү тургундар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин БМЖКККнын узак мөөнөттүү атайын операциянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагына баңги каражаттарынын оор түрлөрүн жеткирүү каналын уюштурган трансулуттук баңги тобунун ишине бөгөт коюлду.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында “гашиш” баңгизаттарын сатууга аракет кылган Аксы районунун 1955-жылы туулган А.К. аттуу тургуну кармалган.
Контролдук таразалоодо алынган заттын таңгакталган түрүндө салмагы 2 килограмм 935 граммды түзгөн.
Тергөө учурунда кармалган жаран 2009-жылы Өзбекстан укук коргоо органдары тарабынан баңгизатка байланышкан кылмыштарды жасагандыгы үчүн камалып, 2017-жылы бошотулган. Мындан тышкары, ал күч түзүмдөрүнүн мурдагы кызматкери болуп иштеп кеткен.
Мындан аркы издөө иш-чараларын жүргүзүүдө баңги тобунун башка мүчөлөрү аныкталып, алардын бири Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында жашаган А.С. аныкталып, кармалган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси “Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо” менен кылмыш иши козголду.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо жана кармоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.