Коррупцияга каршы элдик кызматынын төрагасы пара менен кармалды

Бишкекте "Коррупцияга каршы элдик кызмат" коомдук бирикмесинин төрагасы акча алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Кабарлангандай, Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы менен биргеликте Октябрь райондук ИИБ ТКнын өндүрүшүндө турган кылмыш иши боюнча ар кандай маселелерди "чечип берем" деген шылтоо менен өзүн мамлекеттик органдардын биринин кызматкери катары көрсөтүп, өзүнө ишенген жарандарды адаштырып, өзүнө пайда көрүү максатында Бишкек шаарынын бир жаранынан опузалап 100 миң сом алып жаткан жеринен "Коррупцияга каршы элдик кызмат" коомдук бирикмесинин төрагасы Э.У. кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө Э.У. буга чейин 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алгандыгы жана кылмыш ишин козгоону токтотуу боюнча көмөк көрсөткөндүгү үчүн кошумча 4 000 долларын талап кылгандыгы аныкталган.

Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан