Бишкекте мейманканадан табылган үч жансыз дене: Милиция окуя тууралуу билдирүү жасады

Бүгүн, 6-апрелде милицияга Бишкек шаарынын Фрунзе көчөсүндө жайгашкан мейманкана комплексинин бөлмөлөрүнүн биринен эркек жана эки аялдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Свердлов РИИБинин тергөө-ыкчам тобу дароо окуя болгон жерге барып, текшерүү учурунда денесинде эч кандай жаракаттары жок эркек жана эки кыздын жансыз денесин табышкан.

Анда эркек кишинин өздүгү такталып, ал 1984-жылы туулган К.В. аттуу жаран экени аныкталган. Ал эми эки кыздын аты-жөнүн тактоо иштери уланып жатат.

Учурда керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Буга чейин SUPER.KG порталына өздүк булактар Бишкектеги мейманканалардын биринен 2 кыздын жана бир чет элдик жарандын жансыз денеси табылгандыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан