Оштун милициясы адам өлтүрүү фактысына күбө болгон жаранды издеп жатат

Оштун милициясы Кара-Суу районунун аймагында орун алган адам өлтүрүү фактысына күбө болгон жаранды издеп жатат. Бул тууралуу облустук милициянын маалыматында айтылат.

Белгиленгендей, ушул жылдын 25-февралында Шарк айыл аймагынын Фуркат айылында адам өлтүрүү фактысы катталган.

Аталган факты боюнча "Адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ал эми сүрөттөгү жаран аталган кылмыштын күбөсү болушу мүмкүн.

Белгилери: 25-30 жашта, бою 170-175 сантиметр.

"Эгерде бул жаран тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо 0777 38 70 70; 0557 23 00 00; 0705 21 21 84 номерлери аркылуу кабарлап коюуну өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан