Бишкектин Батыш автобекетиндеги башаламан унаа токтотуучу жай алынууда. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, борбордон аймактарга каттаган такси айдоочуларына бекеттин ички аймагынан акы төлөнүүчү орундар сунушталды. Буга чейин такси айдоочулары башаламан унаа токтотуп жүргөн аймактарга бордюрлар орнотула баштады.
"Биринчи май районунун акими айдоочуларга алар унаа токтоткон жер муниципалитеттин карамагында экендигин жана бул жерди көрктөндүрүү иштери пландалып жаткандыгын, мындан тышкары жакын арада унаа токтотуучу жайлардын эреже бузууларын каттоо үчүн видеокөзөмөл камералары орнотула тургандыгын билдирди", - деп айтылат маалыматта.