Белгилүү актёр Венсан Кассель менен модель Тина Кунаки ажырашып кетишти

Белгилүү актёр Венсан Кассель менен модель Тина Кунаки ажырашып кетишти. Бул тууралуу актёрдун жакындарынын бири массалык маалымат каражаттарына билдирген.

"Алар бир нече жума мурун ажырашып кетишкен. Тина абдан кайгырып жатат", - деген ал.

Андан сырткары, 56 жаштагы актёр 26 жаштагы модель менен чогуу түшкөн сүрөттөрүн өчүрүп салган. Жубайлар эки жолго түшкөндүгү боюнча эч кандай комментарий беришкен эмес жана эмне себептен ажырашкандыгы азырынча белгисиз.

Эске салсак, Венсан Кассель менен Тина Кунаки 2015-жылы эс алуу учурунда таанышып, 2018-жылы август айында баш кошушкан. Алардын 2019-жылы туулган Амазони аттуу кызы бар.

Ал эми Венсан Касселдин биринчи жубайы - сулуулуктун эталону аталган модель жана актриса Моника Беллучи болгон. Алар 1999-жылы баш кошуп, 2013-жылы ажырашып кетишкен. Ортолорунда Дева жана Леони аттуу кыздары бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан