Казакстандын Алматы облусунда 2 жаштагы баланын өлүмүнө анын 30 жаштагы бала багуучусу шектелүүдө. Бул тууралуу казак маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, наристе бала багуучу менен жүргөндө каза тапкан. Шектүүнүн айтымында, баланы анын 3 жаштагы кызы муунтуп өлтүрүп алган.
Каза болгон наристенин апасы Алтынай Кочерованын айтымында, төртүнчү наристесин күтүп жаткан келин ага уулун акчага карап берүү сунушу менен кайрылган. Ал жакында эле балмуздак чыгарган заводго жумушка киргендиктен, дароо макул болгонун айтат.
"Чындыгында ал аял балаңды караганга даярмын деп өзү келди. Мен ага 4 күн баламды караганы үчүн 13 миң теңге (2 жарым миң сом) төлөп бердим.
Окуя болгон күнү эртең менен "тез келип калгыла" деп чалды. Келсем балам үн чыгарбай, кыймылсыз жатыптыр. Колу-буту муздак, эриндери көгөргөн... Бала багуучудан эмне болгонун сурасам "Билбейм" деп жооп берди. "Тез жардам" кызматын чакырдык, бирок кеч болуп калыптыр. Мен эс-учумду жоготуп коюптурмун", - дейт ал.
Шектүүнүн жакындарынын айтымында, 2 жаштагы наристени бала багуучунун 3 жаштагы кызы кокусунан муунтуп өлтүрүп алган. Бирок маркум баланын атасы Каржаубай Киымбаев буга ишенбей турганын айтат.
"3 жаштагы кыз кантип 2 жаштагы баланы муунтуп өлтүрмөк эле? Балам арык эмес болчу. Аны ким өлтүрдү? деген суроо мени кыйнап жатат. Же кокусунан өлтүрүп алыштыбы? Мен уулумдун моюнунан анын муунтулганын байкадым. 3 жаштагы кыздын колунан мындай тактар калмак эмес", - дейт ал.
Белгилей кетсек, жогорудагы үрөй учурган окуя 2023-жылдын 25-мартында Жаналык айылында болгон. Ал эми коомчулукка эми гана белгилүү болуп отурат.
Милиция "Жаш баланы өлтүрүү" беренеси боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп, ал эми Талгар районунун прокуратурасында фактылар кылдаттык менен иликтенип жатат. Шектүү эки айга камакка алынган. Эгерде бала багуучунун күнөөсү далилденсе, ал 20 жылга эркинен ажыратылат.