Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасына барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, Жапаровду "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомунун президенти Жарасул Абдраимов коштоп жүрдү.
Буга чейин министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасынын пайдаланылбай жаткан кыймылсыз мүлк объектилерин акысыз убактылуу пайдаланууга (15 жылдык мөөнөткө) берүү чечими кабыл алынганы белгиленгенди.
Жапаров заводдун аймагын, туунду ишканалардын цехтерин жана "Кыргызиндустрия" ААКнын карамагына өткөн объектилерди көрүп чыкты.
Ал белгилегендей, "Кыргызиндустрия" ААКны түзүүнүн негизги максаты - жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүү, иштеп жаткан өндүрүштөрдү модернизациялоо жана кеңейтүү, ошондой эле токтоп турган ишканаларды кайра ишке киргизүү аркылуу тармакты жандандыруу.
Белгиленгендей, чакан ишканаларды ишке киргизүү менен республиканын өнөр жай тармагын гана жандандырбастан, ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө түрткү берет.
Андан ары министрлер кабинетинин башчысы Экономика жана коммерция министрлигине келип, өлкөнүн өнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планын жана "Кыргызиндустрия" ААК аркылуу ишке ашырылуучу долбоорлорду талкуулоо үчүн бир катар жыйындарды өткөрдү.