Чүйдө адамды скотч менен байлап талаага ыргытып, Range Rover унаасын айдап кетишкен. Шектүүлөр кармалды

Ысык-Ата районундагы талаада 12 сааттан ашык убакыт оозу, көзү, колу, буту жана денеси скотчтолгон жаран аныкталып, бул кылмышка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 4-апрель күнү саат 14:00дөр чамасында Алга айылына жакын жерде жергиликтүү тургун скотчко оролуп жаткан адамды көрүп, милицияга кабарлаган. Окуя болгон жерге барган тергөө-ыкчам тобу 1989-жылы туулган Б.Н. аттуу жаран оозу, колу-буту байланган абалда жерде жаткан жеринен табылган.

Бошотулгандан кийин Б.Н арыз менен кайрылган. Арызында ал 3-апрель күнү саат 20:00дөр чамасында Бишкек шаарында Range Rover унаасын сатып алам деген адамдар менен жолукканын, андан кийин алар жабырлануучуну өлтүрөм деп коркутуп, күч колдонуп, скотч менен ороп, унаанын документтерин, 50 миң сом акчасын жана iPhone 11 Pro телефонун алып, Range Rover унаасын белгисиз тарапка айдап кетишкенин билдирген.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган К.Н., 1994-жылы туулган С.К. жана М.А. аттуу жарандар кармалышты. Ал эми уурдалган унаа Ош облусунун аймагынан табылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан