Футболчу Жерар Пикенин сүйүктүүсү атактуу машыктыруучу менен мамиледе экени айтылды

36 жаштагы футболчу Жерар Пикенин сүйүктүүсү модель Клара Чиа Марти көзүнө чөп салганы айтылууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Пикенин 24 жаштагы сүйүктүүсү анын 52 жаштагы мурунку машыктыруучусу Хосеп Гвардиола менен мамиледе экени айтылууда. Клара Чиа Марти менен "Манчестер Сити" футбол клубунун машыктыруучусу көптөн бери тааныш, анткени модель анын балдары менен бир мектепте окуган.

Жогорудагы маалымат тастыкталса, чоң чыр-чатак чыгарын испаниялык маалымат каражаттары жазышууда. Себеби 52 жаштагы машыктыруучунун жубайы жана 3 баласы бар.

Аталган жагдай боюнча Жерар Пике менен Клара Чиа эч кандай комментарий берише элек. Ал эми футболчунун күйөрмандары далил болмоюнча бул ушак боюнча каларын айтышса, анын мурунку сүйүктүүсү Шакиранын күйөрмандары ырчыга чыккынчылык кылганы үчүн Жерарга бумеранг болуп кайтып келди деген пикирлерди жазышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан